Бишкекте тургун баңгизат даярдоого шектелип кармалды – видео

Бишкекте тургун баңгизат даярдоого шектелип кармалды – видео

Бишкекте 27 жаштагы жаран баңгизат даярдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-декабрда болжол менен саат 20:50дө Ленин райондук милициясына шаардык милициянын баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Садырбаев көчөсүндөгү кароосуз калган вагондордун биринде баңгизат колдонгону үчүн эркек киши кармалганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барып, 27 жаштагы Б.К. аттуу жаран милиция кызматкерлерине кара куурайдын жыты бар зат салынган баштык жана баңгизат даярдоочу идиштерди өз ыктыяры менен тапшырып берген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында алынган заттын салмагы 2 кг 636 граммды түзгөн.

Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, камакка алынган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган, иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>