Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда коңшу мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиеев билдирди.

Белгилүү болгондой, бүгүн Ташкентте Мирзиеевдин жетекчилиги алдында парламент, саясий партиялар, сот, өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда 30-апрелде өткөн Конституция боюнча референдумдун жыйынтыгына арналган жолугушуу болгон. Анда Мирзиеев сөз сүйлөп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жарылкка кол койгонун билдирди.

Шайлоо 9-июлга белгиленди.

Эскерте кетсек, 30-апрелде Өзбекстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум болуп өткөн. Референдумда кабыл алынган жаңы Баш мыйзам боюнча президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана алат.

2016-жылы такка отурган Мирзиёев 2021-жылы ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аяктамак. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандыктан Мирзиеевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, дагы эки жолу президенттикке шайлана алат.

Өзбекстанда референдум өттү деп жарыяланды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>