Өзбекстанда референдум өттү деп жарыяланды

Өзбекстанда референдум өттү деп жарыяланды

Өзбекстанда 30-апрелде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болуп өттү.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылат. Натыйжада азыркы президент Шавкат Мирзиёев бийликте 2040-жылга чейин калышы мүмкүн.

65 жаштагы Мирзиёевдин буга чейинки президенттик мөөнөтү жокко чыгарылып, дагы эки жолу шайлана алат жана ыйгарым укуктары кеңейет.

Документтин жаңы редакциясында мамлекет жарандарды минималдуу эмгек акы, турак жай жана медициналык тейлөө, ошондой эле интернет менен камсыз кылууга милдеттендирилет. Өлүм жазасына тыюу салынат.

Кечээ жарыяланган маалыматта референдумга шайлоочулардын 80% келгени кабарланды.

Добуш берүү маалында ар кандай мыйзам бузуулар болгону айтылды. Gazeta.uz сайты бир эле жаран үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү үчүн бюллетень таштаса, бир катар университеттердин студенттери добуш бергенин далилдөө үчүн шайлоо тилкесинен сүрөттөрүн тартып жөнөтүшкөнүн кабарлады. Дагы бир нече шайлоо тилкесинде добуш бергендерге бекер аш таркатылганы тууралуу маалымат чыкты.

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү былтыр эле пландалган. Анда Каракалпак республикасын автономия укугунан ажыратуу демилгеленген. Июлда нааразылык акциялары башталган. Коңшу өлкөнүн күч органдары аны күч менен басып, кан төгүлүп, кеминде 21 кишинин өмүрү кыйылган. Ондогон киши камакка алынган.

2016-жылы такка отурган Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ал учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи жана акыркы жолу президент болуп шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>