Өзбекстанда сууктан улам электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн

Өзбекстанда сууктан улам электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн

Өзбекстандын Энергетика министрлиги келерки жумада күтүлүп жаткан кескин суук аба ырайына жана энергетика тармагынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча чараларга байланыштуу электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Мекеменин маалыматына караганда, биринчи кезекте калкты, социалдык объектилерди электр энергиясы, көмүр, жаратылыш жана суюлтулган газ менен камсыз кылууга көңүл бурулат. Бул үчүн автогаз толтуруучу компрессордук станциялардын ишине киргизилген буга чейинки чектөөлөр күчүндө калып, ири өндүрүш ишканаларына жаратылыш газын берүү кыскартылат. Ошондой эле ири объектилердин сутка ичиндеги электр энергиясын колдонуусуна чектөөлөрдү киргизип, үнөмдөлгөн 11-12 миллион кВт/саатты калктын керектөөсүнө жумшоо пландалууда.

Мындан тышкары энергетика тармагындагы ыктымал ири авариялардын алдын алуу жана электр энергиясын бардык керектөөчүлөргө бирдей көлөмдө жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын графиги боюнча жарыкты эки сааттан өчүрүп туруу каралууда.

Жылуулук электр станциялар ишин туруктуу улантышы үчүн аларга орточо эсеп менен күн сайын 49 миллион куб метрден жаратылыш газы берилет.

Энергетика министрлигининен белгилешкендей, ыктымал авариялардын кесепеттерин ыкчам жоюу үчүн электр жана газ менен камсыз кылуу ишканаларында күнү-түнү иштей турган миңден ашык атайын бригадалар түзүлдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>