Баткенде чакан ГЭС куруп жаткан ишкердин «нааразычылыгына» министрлик жооп берди

Баткенде чакан ГЭС куруп жаткан ишкердин «нааразычылыгына» министрлик жооп берди

Энергетика министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин Баткенде 7 млн долларга чакан ГЭС куруп жаткан ишкерге «мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, электр энергиясын сатып албай жатат» деген билдирүүсүнө жооп берди.

Министрлик билдиргендей, азыркы учурда, алар тарабынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштер аткарылууда. Алсак, 2022-жылы президент «Кыргыз Республикасынын Энергиянын кайра жаралуучу булактары» жөнүндө жаңы мыйзамга кол койду. Мыйзамда бардык өндүрүлгөн электр энергия мамлекет тарабынан ыйгарым укуктуу орган (Энергетика министрлиги) тарабынан аныкталган компания аркылуу сатылып алынат деп белгиленген.

«Мында электр энергиянын баасы орто саясат боюнча жогорку тарифке көбөйтүлгөн коэффициент менен белгиленген, мындайча айтканда 4,42 сомду түзөт», — деп билдирет министрлик.

Мындан тышкары, 1-январдан баштап, Улуттук электр тармагы электр энергияны сатып алуучу компания катары аныкталган. Демек компания менен келишим түзүп, электр энергияны жалпы түйүнгө сатып баштоого болот. Бул жааттагы бардык иштер аткарылууга тийиш жана жеке министрликтин көзөмөлүндө болот.

«Ал эми Баткен районунун Кыштут айылында чакан ГЭС куруп жаткан жеке ишкердин маселесине токтолсок, жеке ишкер менен энергетика министринин орун басары сүйлөшүү жүргүздү. Жеке ишкердин айтымында Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев маалыматты туура эмес түшүнүп калган. Ал эми ишкер өзү биринчи күнү Энергетика министрлигине келип, жетекчиликке жолугуп,  курулуп жаткан чакан ГЭСи боюнча маселени карашат.

Энергетика министрлиги чакан ГЭС куруп жаткан жана курам деген жеке ишкерлерди колдойт. Ар дайым тыгыз кызматташат. Себеби, чакан ГЭСтерди куруу менен өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат», — деп белгилейт министрлик.

Эскерте кетсек, депутат Жеңишбек Токторбаев Баткен облусуна болгон иш сапарында Кыштут айылында чакан ГЭС куруп жаткан ишкер менен жолугушкан. Депутат билдиргендей, ишкер мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, электр энергияны сатып албай жатканын айтып нааразы болгон.

Баткенде 7 млн долларга чакан ГЭС куруп жаткан ишкер бийликке нараазы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>