Өзбекстанга 4 млн сомдук малды айдап өтүүгө аракет кылышты

Өзбекстанга 4 млн сомдук малды айдап өтүүгө аракет кылышты

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары чоң өлчөмдөгү  ири мүйүздүү жандыктардын жана жылкылардын чек арадан  мыйзамсыз өткөрүлүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Чек ара кызматы 19-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Аксы районунун Ак-Там жергесинде кызмат өтөө учурунда чек арачылар бир нече белгисиз адамдар ИМЖ жана жылкылардын үйүрүн  Кыргызстандан Өзбекстанга чек арадан айдап өтүүгө аракет кылып жатышканын байкашкан. Чек арачыларды көргөн белгисиз адамдар Кыргызстандын аймагына жашынып качып кетишкен.

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары 57 ири мүйүздүү мал-жандыкты жана 41 жылкыны кармашкан.

Алдын ала иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кармалган ИМЖ жана жылкылар чек арадан айдалып өтүүгө аракет кылынганга чейин жергиликтүү тургундун мал сарайында кармалып тургандыгы аныкталган.

Аткезчилик мал-жандыктын жалпы баасы болжол менен 4 000 000 сомду түзөт.

Учурда аткезчилер жана алардын шериктештери изделип,  ИМЖ жана жылкылардын ээлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>