Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Орто-Сай базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду
19.12.2023 | 19:26
Бишкек шаарынын мэриясы башаламан соода менен күрөштү улантууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жолу Октябрь акимчилигинин кызматкерлери ӨКМдин башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүндөгү Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн жойду.
Көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге жана өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейд Орто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар