Бажы кызматы акыркы 3 жылдан бери биринчи жолу бош орунга сынак өткөрүүдө

Бажы кызматы акыркы 3 жылдан бери биринчи жолу бош орунга сынак өткөрүүдө

Бажы кызматы 3 жылдан бери биринчи жолу бош орундарга сынак өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, мекемеде 100 бош орун бар. Жакында сынак өткөрүлүп, жаңы кызматкерлер ишке алынды.

«Көп жылдан бери сынак өткөрүлбөптүр. Биз жаңы кызматкерлерди кабыл алдык, эми аларды 1,5 ай окутуп, үйрөтөбүз. Азыр дагы кошумча штат ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Январь-февраль айында кайра резервдик орундарга кабыл алуу болот», — деди ал.

Улан Кимсановдун айтымында, Бажы кызматына ишке кирүү кыйын эмес.

«Жогорку билимдүү жарандар баары катыша алат. Азыр ишке алуудагы талаптарды дагы жөнөкөйлөттүк», — дейт ал.

Белгилей кетсек, жакында эле Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышкан 76 кызматкер иштен алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>