Өзбекстанга дизелдик отун ташып бараткандар кармалды

Өзбекстанга дизелдик отун ташып бараткандар кармалды

Кыргызстандан Өзбекстанга 6 тонна дизелдик отун мыйзамсыз ташылып бара жатканы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 28-мартында «Чечме-автодорожный» өткөрүү пунктунун чек арачылары Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте КР Каржы министрлиги тарабынан күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды.

Өткөрүү пунктуна Кыргызстандан Өзбекстанга Сох анклавын көздөй бара жаткан 1996-жылы туулган Өзбекстан жараны М.А.А.у.нын башкаруусундагы КАМАЗ (май ташуучу) унаасы келип түшкөн.

Күйүүчү май ташуучу унаанын цистернасын текшерүү учурунда чек арачылар жана бажычылар цистернанын чоңураак бөлүгүнөн 6 тонна дизель майын табышкан, бирок коштоочу документтерде цистернанын кичинекей бөлүгүндө АИ-80 үлгүсүндөгү бензин гана көрсөтүлгөн.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана контрабандалык жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>