Өзгөчө кырдаалдар министрине ишенбөөчүлүк жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрине ишенбөөчүлүк жарыяланды

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге ишенбөөчүлүк жарыялаганын парламенттин жыйынында билдирди.

Ал үчүн бир катар жүйөлөрүн келтирди.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигин айтканы менен жасаган иши дал келбейт. Лейлек районундагы селден кийинки калыбына келтирүү иштери боюнча министрлик эч нерсе кылган жок. Элден бүгүнкү күнгө чейин нааразылык каттар келип жатат. Бирок, министрлик бардыгын аткарып койдук деген жоопторду берип жатат. Ошол себептен бул иш боюнча протоколдук тапшырма берип, министрликтин ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алынышы керек. Себеби, бул министрлик президентти да, өкмөттү да, депутаттарды жана элди дагы алдап кооз отчетторду берип келет. Керек болсо мен бул министрликтин жетекчилигине ишенбөөчүлүк жарыялайм”-деди эл өкүлү.

Ошондой эле Жогорку Кеңешке депутат болуп келгенден бери аталган министрликтин ишине канааттанбай келе жатканын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>