Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт
Өзгөндө 150 орундуу мектептин курулушу аяктады
09.11.2023 | 09:00
Ош облусунун Өзгөн районунун Алга айылында М. Ботобеков атындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.
Эки кабаттуу мектептин курулушу бир жыл ичинде бүткөрүлгөн. Мектеп республикалык бюджеттин эсебинен салынган.
“Окуу корпусунун, спорт зал жана өтмөк галереясынын курулуш жумуштары бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулары толугу менен орнотулду”, – деп айтылат маалыматта
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом