Өзгөндө 9 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду

Өзгөндө 9 мамлекеттик кызматкерге кылмыш иши козголду

Ош облусунун Өзгөн районунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлер аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 7-декабрында милицияга Коррупцияга каршы элдик көзөмөл коомдук бирикмесинин И.Б. аттуу инспекторунун атынан кат келип түшкөн. Катта Жылалды айыл аймагынын М.Э. аттуу тургунуна жер тилкесин берүүдө мыйзам бузуулар болгону айтылган.

Бул факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Анын жыйынтыгында топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылаыйк Жылалды айыл өкмөтүнүн Д.У., Ж.А., М.Р., Жер ресурстары кызматынын (мурдагы Кадастр) Өзгөн филиалынын Б.А., К.М., Э.А. жана  Өзгөн районунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын И.Т. уулу., Т.Р. уулу жана Н.Ж.уулу аттуу кызматкерлеринин аталган ишке катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>