Өзгөндө кафенин администраторун уулунун көзүнчө сабап кетишти. Видео

24.07.2026 | 11:35
Өзгөндө кафенин администраторун уулунун көзүнчө сабап кетишти. Видео — Новости Кыргызстана

22-июлда Ош облусунун Өзгөн шаарында салкындатуучу суусундуктарды жана пиво саткан жайдын жанындагы сөз талашуу аялга кол салуу менен аяктаган. Окуянын видеосу редакцияга «Элдик кабарчы» рубрикасы аркылуу келип түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучунун уулу энесин коргоого аракет кылып, чырга аралашкан. Бирок эркектердин бири кол көтөрүүгө өтүп, аялды бир нече жолу катуу уруп жиберген.

Кол салуунун натыйжасында аял оор жаракат алган. Маалыматтарга караганда, анын эки колу тең сынган. Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Reporter.kg кабарчысына түшүндүрүшкөндөй, 2026-жылдын 22-июлунда Өзгөн РИИБге Дөң-Булак айылындагы мушташ тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы пиво заводунун жанындагы кафелердин биринде эки эркек киши спирт ичимдиктерин ичишкен. Милициянын маалыматы боюнча, алар ичкен ичимдиктеринин акчасын төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарышкан жана эс алуу жайынын администратору, 1984-жылы туулган А.К. аттуу аялды сабап, денесине залал келтиришкен. Жабырлануучу аял кассирдин, администратордун жана сатуучунун милдеттерин чогуу аткарып келгени такталды.

Жабырлануучунун арызы кабыл алынды. Алган жарааттарынын оордук даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө амалдары уланууда.

Учурда Өзгөн РИИБ кызматкерлери окуяга тиешеси бар жарандардын өздүгүн такташты.

Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Анара Мамытова

Scroll to Top