Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүп жатат

24.07.2026 | 11:54
Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүп жатат — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 24-июлда, Чолпон-Атада Кыргызстандын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

ШКУнун негизделгенинин 25 жылдыгына туш келген бул жыйын — уюмга төрагалык кылып жаткан Кыргызстандын «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө биргеликте» деген ураанынын алкагында өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги негизги иш-чаралардын бири болуп саналат.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле уюмдун туруктуу иштөөчү органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын күн тартибинде — актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер, ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө, соода-экономикалык алаканы кеңейтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле уюмдун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери бар.

Мындан тышкары, министрлер документтердин долбоорлорун макулдашып, Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммитине даярдык көрүү маселесин талкуулашат.

Жыйынды ачып жатып, Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев чейрек кылым ичинде ШКУ калыптануунун жана өнүгүүнүн олуттуу жолун басып өтүп, тынчтыкты, туруктуулукту жана өз ара ишенимди бекемдөөдө маанилүү ролду ойногон беделдүү эл аралык уюмга айланганын белгиледи.

«Кыргызстандын төрагалыгынын "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө биргеликте" деген темасы биздин уюмдун өнүгүүсүнүн учурдагы этабынын тарыхый маанилүүлүгүн, ошондой эле көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө болгон стратегиялык багытын чагылдырып турганы символикалуу», — деди Кулубаев.

Ал ошондой эле кесиптештерине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Андан соң жыйын жабык эшик артында уланды.

2025–2026-жылдарга карата ШКУнун туристтик жана маданий борбору макамына ээ болгон Чолпон-Атада жыйындын өтүшү — уюмга мүчө мамлекеттердин биримдигин, өз ара ишенимин жана кызматташтыгын мындан ары бекемдөөдө мааракелик жылдын өзгөчө маанисин баса белгилөөгө багытталганы айтылат.
Scroll to Top