Кыргызстанда РФ Мамлекеттик Думасына шайлоо үчүн төрт шайлоо тилкеси ачылатКыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө
Өзгөндө түндө түнкү клубдардан 8 өспүрүм кармалды
13.03.2022 | 10:00
Ош облусунун Өзгөн районунда милиция кызматкерлери түнкүсүн коомдук жайларда ата-энесинин коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Кафелер, ресторандар, түнкү клубдар жана компьютердик клубдар текшерилди. Жашы жете элек 8 өспүрүм түн ичинде коомдук жайларда улууларынын коштоосуз жүргөнү аныкталды. Алардын ата-энелерине ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу фактысы боюнча протоколдор түзүлдү», – деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, рейд Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин демилгеси менен уюштурулган. Ага аймактык милиция кызматкерлери жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору катышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом