Таласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелетКыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү
Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара менен кармалды
13.03.2022 | 09:23
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
Маалым болгондой, 11-мартта КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жеке ишкерден 90 миң сом алып жаткан учурда жаран И.А. жана Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын кызматкери Б.А. кармалган.
И.А., УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы болуп, үй-бүлөлүк мамиледе жашынып, Б.А. жана ишкерден коркутуу жолу менен 120 миң сом талап кылган.

Кармалгандар Жалал-Абад ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар