Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Пакистанда кулаган учактан 76 адам мерт кетти
23.05.2020 | 10:53
Кечээ, 22-майда Пакистанда Карачи аэропортунун жанында “Пакистан эл аралык авиакомпаниясынын” жүргүнчү учагы кулап түшкөн.
Самолёт Карачи шаарына Лахор шаарынан учкан. Ал жерге конууга бир мүнөт калганда кулап түшкөн. Бортто 91 жүргүнчү, 8 экипаждын мүчөсү болгон. Жергиликтүү бийлик кеминде 76 адам каза болгонун, үч киши аман калганын, калгандары белгисиз экенин маалымдады.
Кырсыкка кабылган “А32” үлгүсүндөгү учак болгон. “Geo TV” телеканалы берген маалыматта учак жерге кулап түшө электе эле өрт чыга баштаган.
Баштапкы маалымат боюнча беш турак жай кыйрады. Премьер-министр Имран Хан бул окуя иликтөө иштерин чукул арада баштоону тапшырды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар