Коронавирус канды коюлантып жиберет. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пандемия маалында мурдагыга салыштырмалуу тромб менен кайрылгандардын саны 3 эсе көп болду.
Пандемияга чейин 500 адамдан тромб алынса, оору күчөп турган учурда бул көрсөткүч мурдагыдан 3 эсе көп болгон. Ал тургай ковид менен ооруп жаткан бейтаптардан дагы тромб операция жолу менен алынган.