Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кытайдан атчан келген кыргыз кыздарын Бишкекте салтанаттуу тосуп алышты
28.05.2026 | 18:15

Бүгүн, 28-майда, Бишкек шаарына Кытайдан атчан саякаттап келген этникалык кыргыз кыздары Риза Дүйшөн кызы жана Гүлсанат Али кызы келишти. Аларды «Супара» этно-комплексинде салтанаттуу тосуп алышты.
Бишкек мэриясынын маалыматында, конокторду калаа мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алышкан. Саякатчы кыздарга белектер тапшырылып, белгилүү ырчылардын жана музыканттардын коштоосунда концерт уюштурулган.
Кыргыз кыздары сапарын Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан башташкан. Алар Кыргызстандын аймагына «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирип, Нарын жана Ысык-Көл облустарын ат менен басып өтүп борбор калаага жетишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом