Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин комитет жыйынында Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Имановго суроо берээрдин алдында пандемиядан соң балдардын көп төрөлгөнүнүн сырын ачып берди.
«Силердин маалымат боюнча, 2020-жылы 140 миң бала төрөлүптүр. 2021-жылы 159 миң төрөлүп дээрлик 39 миңге көп туулуптур. Жок дегенде ошого жетиштик деп мактансаңар болот. Чынын айтканда коронавирустун, пандемиянын таасири болушу мүмкүн. 2020-жылы баардыгы үйдөн чыкпай отурушкан да. Кийинки жылы 39 миң кыргызстандык жаралды. Бул жакшылыктын жышааны»- деп сөзүн жыйынтыктады.