Панфилов районунун эли бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрүн айтышты

Панфилов районунун эли бийлик өкүлдөрүнө көйгөйлөрүн айтышты

Президент Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу максатында бүгүндөн баштап Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушууну башташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуу алгач Панфилов районунан башталып, ага 150гө чукул тургундар катышты.

“Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушууда тургундар ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө болгон нааразычылыктарын айтышып, каралбай жаткан иштерди мыйзам чегинде чечип, өз көзөмөлүнө алып берүүсүн суранышты.

Өз кезегинде Адылбек Бийбосунов бул маселени көзөмөлгө аларын айтып, ИИМден келишкен тиешелүү кызматтардын начальниктерине жарандардын арыз-даттанууларын алып, мыйзам чегинде чечип берүүлөрүн тапшырды.  Андан сырткары, жолугушууда социалдык-экономикалык маселелер, жер, бала бакча, оорукана, жол көйгөйлөрү дагы айтылып, бийлик өкүлдөрүнө жардам берүүнү айтышты”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы келишкен бийлик өкүлдөрү айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын билдиришти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>