Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раисиге Ирандагы суу ташкындарынын кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Иран Ислам Республикасынын көптөгөн аймактарын нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары бүлгүнгө учуратып, адам курмандыктарына алып келгендиги тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жаратылыш кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткан жарандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат президенттин телеграммасында.

Эскерте кетсек, Иранда катуу жааган жаан-чачындын айынан дарыялар жээктен чыгып, суу ташкыны болгон. Анын кесепетинен ондогон адам каза болуп, дайынсыз жоголгон. Суу ташкыны 111 шаарда жана 310 айылда жүрүп, 20 миңден ашык үй талкаланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Иран

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>