Пархат Тулендыбаев Максат айылына 1 млн сомдук жардам берди

Пархат Тулендыбаев Максат айылына 1 млн сомдук жардам берди

Депутат Пархат Тулендыбаев баштаган «Иттипак» уйгур коомдук бирикмеси Баткен облусунун Максат айылына 1 миллион сомдук гуманитардык жардам берип келишти. Бул тууралуу Жогорку Кенештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тулендибаевдин айтымында, «Иттипак» коомдук бирикмеси тарабынан марафон өткөрүлүп, анда чогулган каражат Максат айылына толугу менен жеткирилген.

«Биз атайын чек арада жабыркаган жергиликтүү калкка жардам берүү үчүн ушундай иш чара уюштурдук. Анда 1 миллион сомдон ашуун каражат чогулду. Максат айылынын жергиликтүү башкаруучулары менен байланышып, кандай муктаждыктары бар экенин тактадык. Алар мектепке керектелүүчү жабдууларды айтышты. Окуу партасы, үстөл, интерактивдүү доска, жарыктандыруучу шам чырактар, окуучуларга форма, кийим-кечелер жана азык-түлүктөрдү тапшырдык», — деген депутат.

Эл өкүлү ушу тапта мамлекет башчы тарабынан чек арага чектеш аймактарга атайын макам берүү маселеси колдоого алынып жатканын белгилеген.

«Баткенде жашап, Бишкекте үйү бар эжекелер бар экен, алар ал жактан башка жерге кетүүнү каалашпайт, андыктан жаңы каралып жактан мыйзам долбоору алардын жашоосун жакшыртуу чаралары, салык төлөөдө жеңилдиктер каралмакчы», — деген Тулендыбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>