Маматалиев парламентти сындагандарды чектен чыкпоого чакырдыКелерки жылы Эгемендүүлүк күнү Нарында белгиленетКРда «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда — кеңири маалыматСадыр Жапаров Нарын менен Кочкордо 433 батирлүү ипотекалык үйлөрдү пайдаланууга бердиКыргызстан менен Грузия «жашыл» долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөөдөЖК төрагасы: Абдибаева педофилдерди коргоону көздөгөн эмес
Чүйдө сарайда асынып турган өспүрүмдүн денеси табылды
18.05.2021 | 17:35
Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылында асынып алган өспүрүм табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-майда саат 01:07 чамасында 102 кызматына асынып алган өспүрүм тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер 2004-жылы жарык дүйнөгө келген баланын асынып турганын көргөн.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда милиция кызматкерлери өспүрүмдүн өлүмү боюнча тергөө иштерин жүрүгүүзүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, 17 жаштагы бала Кара-Балта шаарында өзүнүн 20 жаштагы бир тууган агасы менен жашаган. Вознесеновкага туугандарынын үйүнө келген жана ал жерде асынып алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар