Парламент Асрандиев менен Аскаровдун талапкерлигин жактырды

Парламент Асрандиев менен Аскаровдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлигин, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Аскаровдун талапкерлигин колдоду.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке келип, Асрандиев менен Аскаровдун талапкерлигин сунуш кылып, алар буга чейин  кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары өздөрүн көрсөтө алганын билдирди.

Жыйынтыгында депутаттар өкмөт башчынын сунушун жактырып, жогорудагы адамдарды сунушталган кызматка талапкерлигин колдошту.

Эркин Асрандиев буга чейин  Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келген. Ал эми талапкерлиги Өзгөчө кырдаалдар министр кызматына жактырылган Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьерлик кызматты ээлеп турган.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>