Парламент маркумду көмүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду

Парламент маркумду көмүү боюнча мыйзам долбоорун колдоду

28-декабрда Жогорку Кеӊештин жыйынында «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору депутаттар М.Маматалиев, Б.Түлөбаев, Л.Лурова, Э.Кокулов, Б.Тентишев, Исатбек кызы А., А.Козуев, А.Маткеримов тарабынан демилгеленген.

Комитет төрайымы Винера Раимбачаева сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлгөнүн белгилеп, кызыкдар тараптардан, депутаттардан түшкөн сунуштарга токтолду.

Мыйзам долбоору Кыргызстанда маркумдуу узатуу ишин укуктук уюштурууну камсыз кылууга багытталган. Тагыраагы, мыйзам долбоорунун милдети болуп өлгөн адамдын туугандарынын каалоосун эске алып, жана анын тирүү кезинде туюндурган керээзине ылайык сөөктү коюуну жүзөгө ашырууга кепилдикти; сөөктү коюу, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегине кепилдикти, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайды жайгаштырууга, пайдаланууга жана карап-күтүүгө санитардык жана экологиялык талаптардын кепилдигин берүү саналат.

Талкууда депутат Нуржигит Кадырбеков сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү маселесин көтөрдү. Депутат Бактыбек Чойбеков пенсионер каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпул берүү маселесине кызыкты. Буга Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү пенсиянын 10 базалык бөлүгүнөн туруп – 31 миң 700 сомду түзөрүн билдирди.

Мындан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>