«Парламентаризм коркунучта». Шайлообек Атазов төрага Шакиевди сындады

«Парламентаризм коркунучта». Шайлообек Атазов төрага Шакиевди сындады

«Кыргызстанда парламентаризмдин келечеги коркунучта», — деп билдирди парламенттин депутаты Шайлообек Атазов.

Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышына катуу кысып жасалып жатканын белгилейт.

«Мындай кысым тарыхта болгон эмес. Кеп мандаттын алынышында эмес, аны алуу жолдору бузулуп жатканында. Мадумаровдун мандатын алгандан кийин калган жаш эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп коюу оңой иш. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарга каршы иштер жана алардын мыйзамдуулугун сурап койбоду. Бул эми анын абийиринде», — дейт ал.

Белгилей кетсек, өткөн аптада эле төрт депутат мандаттан айрылды. Алар — Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарбагышев, Эмилбек Жусупов жана Адахан Мадумаров.

Ага чейин  Орозайым Нарматова, Алтынбек Сулайманов, Бакыт Төрөбаев, Равшан Сабиров, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Абиров,  Фархат Исмаилов, Фарходбек Алимжанов, Искендер Матраимов, Абдыбахаб Боронбаев, Эмилбек Жамгырчиев жана Нурлан Ражабалиев мандатынан айрылган. Алардан тышкары Шайлообек Атазов менен Бакыт Чойбековдун мандатына байланыштуу соттук териштирүү жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>