Парламентте Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушталды

Парламентте Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушталды

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишин канааттандырарлык эмес деп табышты.

Жыйында акыйкатчы 2022-жылга карата Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндама жасады.

Атыр Абдрахматова адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Айрыкча, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы абалга өзгөчө көңүл бурду.

Ал арада “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизди. Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Кошумчалай кетсек, аталган маселе буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында да талкууланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>