Кыргызстанга пандемиядан кийин Кытайдан алгачкы туристтер келди

Кыргызстанга пандемиядан кийин Кытайдан алгачкы туристтер келди

Кытайдын ар кайсы шаарларынан туристтердин жоон тобу Үрүмчүдөн Бишкекке учуп келишти. Бул пандемия аяктагандан бери бул өлкөдөн биринчи жолу уюштурулган массалык тур.

Туризмди өнүктүрүү фондунун маалыматына караганда, жалпысынан Кытайдан 20 адам келген. Кытайлык туристтер үч күн бою Чүй жана Ысык-Көл облустарынын туристтик жерлерин көрүшөт. Андан соң кошуна Казакстан аркылуу автобус менен үйлөрүнө кетишет.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду кытайлык туроператорлор жана Кытайдын Экономика министрлигинин өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Фонддун кызматкерлери конокторго өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип, аларды эң кызыктуу жерлерге алып барышты. Андан соң кытайлык гиддер Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, Бишкек — Ош жолун бойлоп, эң кызыктуу жерлерди көрүштү.

Сапардан шыктанган кытайлык туристтер комбинацияланган турду өнүктүрүүнү сунушташкан. Аны уюштурууга Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жардам берип, ошондой эле кытайлык туристтерге жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө электрондук виза берүүнү демилгелеген.

«Кытайдан туристтер Хоргоско келип, андан ары Алматыга, анан Бишкекке келишет. Бишкектен түштүккө, андан ары Ош аркылуу Өзбекстанга барышат. Кытайлык туристтик компаниялар үч мамлекетке: Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга тур жасоону сунушташты”, — дейт фонддун вице-президенти Абдисаит Каримбеков.

Кытайлык туроператорлордун айтымында, Кыргызстан туристтер үчүн адаттан тыш кооз жана жагымдуу. Визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү бул жакка барууну каалагандардын агымын дагы көбөйтүшү мүмкүн. Алар Кытай жарандары үчүн визасыз режимди киргизүүнү же коңшу Казакстан менен Өзбекстандагыдай жеңилдетилген кыска мөөнөттүү визаларды киргизүүнү талап кылышты. Кытайлык ишкерлердин айтымында, мындай учурда үч өлкөгө айкалышкан турлар ого бетер суроо-талапка ээ болмок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>