ЖК комитети маркумду көмүү боюнча мыйзам долбоорун карады

ЖК комитети маркумду көмүү боюнча мыйзам долбоорун карады

Бүгүн, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген.

Анын айтымында, мыйзам долбоору маркумду узатуу ишинин укуктук негиздерин, туугандарынын каалоосун эске алуу менен жана маркумдун өзү тирүү кезиндеги керээзине ылайык өлгөн адамды көмүүнү жүзөгө ашыруу кепилдиктерин, аны жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген тизмегин, сөөктү коюуга жөлөк пул төлөөнү, ошондой эле сөөк көмүлүүчү жайларды жайгаштырууга, пайдаланууга карата санитардык жана экологиялык талаптарды, Кыргызстанда маркумду узатуу ишин иштин өз алдынча түрү катары уюштуруу негиздерин белгилейт.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, учурда өлкөдө маркумду акыркы сапарга узатуу  мыйзам менен жөнгө салынган эмес. Ал боюнча айрым мамлекеттик органдардын укуктук актылар гана бар.

«Маркумдун сөөгүн мурда каза болгон туугандарынын жанына коюу бош жер участогу болгон учурда кепилденет. Башка учурларда анын сөөгүн ал көрсөткөн көмүү жайына коюу жөнүндө маркумдун керээзин аткаруу мүмкүндүгү маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызмат тарабынан аныкталат. Күйөөсү (аялы) каза болгон учурда, аялынын (күйөөсүнүн) жанына сөөгүн кийин коюу үчүн жайды брондоого жол берилет», — деп жазылган 7-беренеде.

9-беренеде айтылгандай, сөөктү коюу маркумдун сөөгүн көмүүчү жактын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн учурда, ага Министрлер кабинети тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте сөөктү коюу үчүн жөлөкпул төлөнүп берилет.

Ошондой эле, жарандар ишенген динине, каалоосуна ылайык сөөгү жерге берилет же кремация болот. Сөөгүн отко берүүнү каалагандар үчүн атайын бөлүнгөн жерде крематорий курулушу мүмкүн. Маркумдун сөөгүнүн күлү салынган кутучаларды коюу үчүн колумбарийлерди (аза күтүү дубалдары) түзүүгө жол берилет.

Мыйзамда айтылгандай, сөөк көмүлүүчү жайларда мал жаюуга, бак-дарактарды, мөмөлүү дарактарды, маданий айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө тыюу салынат. Сөөк көмүлүүчү жайларды кордогондор же жок кылгандар (вандализм) мыйзамга ылайык жазага тартылат.

Комитет аталган мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>