Парламентте этникалык кыргыздарды колдоо мыйзамы талкууланды

Парламентте этникалык кыргыздарды колдоо мыйзамы талкууланды

Бүгүн, 27-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов тарабынан демилгеленип, “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи — депутат Улан Примов. Мыйзам долбоору тарыхый мекенине кайтууну каалаган этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, колдонуудагы мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-абзацын төмөнкүдөй мазмунда толуктоо сунушталууда: “Кыргызстандагы чет мамлекеттеги мекемелери кайрылман статусун ыйгаруу үчүн талапкерлердин арыздарын жана документтерин  кабыл алат жана алар каттоодон өткөрүлгөндөн тартып  он жумушчу күндүн ичинде калктын миграция маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт”.

Бул ченем этникалык кыргыздардан түшкөн арыздарды каттоонун жана аны  Кыргызстандын миграция маселелери боюнча органына жөнөтүүнүн так мөөнөттөрүн белгилөө үчүн киргизилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>