Парламентте гимн менен гербди дагы өзгөртүү ою айтылды

Парламентте гимн менен гербди дагы өзгөртүү ою айтылды

Жогорку Кеңеште гимн менен гербди дагы өзгөртүү ою айтылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Улан Примов билдирди.

Анын айтымында, коомчулуктан туу менен бирге гимн жана герб боюнча дагы сунуштар түшүп жатат.

«Гимдин сөздөрүн, гербди алмаштыралы деген сөздөр бар», — деди ал.

Комитет Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүнү биринчи окууда жактырды. Ага Мейкинбек Абдалиев, Чолпон Султанбекова, Жанар Акаев, Нурланбек Азыгалиев, Нурбек Сыдыгалиев колдоп добуш берди.

Жыйынга туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков келген жок. Ал өзгөртүүгө каршы чыккан.

Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.

Туудагы түндүк дагы өзгөрөт. Жумабеков референдумга алып чыгууну сунуштады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>