Депутат: Тууну көк түскө өзгөртүп, түндүктү түздөп коюш керек

Депутат: Тууну көк түскө өзгөртүп, түндүктү түздөп коюш керек

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев мамлекеттик тууга түшүрүлгөн күндүн нурлары менен бирге  түсүн жана түндүктү дагы өзгөртүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргыз өзүнүн тарыхый асабасына кайтып келип, тууну көк түскө алмаштырышы керек

«Андан тышкары түндүктү карасаңар кыйшайып турат. Аны дагы түздөп коюш керек», — дейт Арсланбек Малиев.

Депутат Мейкинбек Абдалиев күн менен нурлары эки бөлүнүп тартылып калганын айтат.

«Азыркы тууда күн менен нурлары бөлүнүп турат. Нурларын күндөн үзүп чыгарбаш керек», — дейт ал.

Комитет Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов сунуштаган  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүнү биринчи окууда жактырды. Ага Мейкинбек Абдалиев, Чолпон Султанбекова, Жанар Акаев, Нурланбек Азыгалиев, Нурбек Сыдыгалиев колдоп добуш берди.

Жыйынга туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков келген жок. Ал өзгөртүүгө каршы чыккан.

Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>