Депутат тууну өзгөртүү тууралуу: Элдин оюн угабыз десеңер, референдум өткөргүлө (видео)

Депутат тууну өзгөртүү тууралуу: Элдин оюн угабыз десеңер, референдум өткөргүлө (видео)

Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча элдин оюн угабыз десеңер, референдум өткөрүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков айтты.

Жумабеков белгилегендей, тууну өзгөртүү эл жана мамлекет үчүн маанилүү окуя болгондуктан, бул маселеде элдин оюн угуу керек.

Ал мыйзам долбоордун авторлорунун бири Улан Примовдун желекке толуктоо жана тактоо гана киргизилип жаткандыгы боюнча билдирүүсүн четке какты.

“Бул тактоо эмес, силер тууну алмаштырып жатасыңар. 30-40 пайыз өзгөртүү киргизилиптир. Мына негизи болгон – түндүк дагы башкача берилиптир. Чамгарактын саны үч эмес, төртөө болуп жатат”, — деди Дастан Жумабеков.

Улан Примов түндүккө киргизилип жаткан өзгөртүүнүн маанисин так түшүндүрө алган жок. Анын айтымында, боз үй канчалык чоң болсо чамгарактын саны ошончолук көп болот.

“Күндүн нурлары тик тийет деген илимий негиздеме барбы? Мындай демилге көтөрүүгө эмне негиз болгону дагы айта албай жатасыңар. Бул нерсе 7 миллион адамдын ар биринин жашоосуна таасир берет”, — деди Дастан Жумабеков.

Эл өкүлү бул демилгени референдумга чыгарууну сунуштады.

«Чоң нерсе, эл менен акылдаша турган маселе көтөрүлүп жатат. Жарандардын пикирин угайын десеңиздер референдумга чыгаруу керек», — дейт ал.

Улан Примов анын сунушун кабыл албай, азыркы туу дагы, 32 жыл мурда парламент аркылуу кабыл алынганын белгиледи.

Туу өзгөрсө паспортту, автоунаа номурун алмаштырыш керекпи? Авторлордун жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>