Парламентте компьютердик оюн клубдарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Парламентте компьютердик оюн клубдарды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Көптөгөн балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек. Мындай пикирин бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Орозбек Алыбаев билдирди.

Ал компьютердик оюндар социалдык социалдык көйгөйгө айланууда экенин айтты.

«Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек. Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында жарнамалоого тыюуу салуу зарыл. Аларды азыртан мындай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз», — деп кошумчалады депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>