Кыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керек
Салык кызматынын айлыгын көтөрүү сунушталууда
18.03.2022 | 11:31
Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов парламентте салык кызматынын кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү сунуштап чыкты.
“Салык кызматы 105 млрд сомду чогултуп жатышат. Чындыгында кээ бир ишкерге барат, ар кандай кырдаал болот. Ошол себептен булардын айлыгын көтөрүшүбүз керек. Айлыгын көтөргөндө ишкерлерге барып, ар кандай нерселерди кылбайт да. Айлыгын көтөрүп беришибиз керек”– деди.
Салык кызматынын маалыматы боюнча 2021-жылы 105 млрд сом чогулду. 2700 салык кызматкери бар. Орто айлыгы 12000-15000 сомдон алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика