Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Тоо-кен тармагынан түшкөн түшүүлөр жарым жылда 18,2 млрд сомго өстү
29.07.2026 | 14:32

Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы ишканалар 2026-жылдын январь–июнь айларында бюджетке 46,5 млрд сом салык жана башка төлөмдөрдү которду. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18,2 млрд сомго көп.
Бул маалымат Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылган коллегиясында айтылды.
Мындан тышкары, алты айдын ичинде лицензияларды кармап туруу үчүн алынуучу жыйымдардан түшкөн каражат 461,1 млн сомду түздү. Бул жылдык пландын 122,85 пайызга аткарылганын билдирет.
2026-жылга бекитилген план 375 млн сом болгон. Натыйжада түшкөн каражат жылдык пландан 85,7 млн сомго ашты.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: минприроды