Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү демилгеси. Эдил Байсалов үн катты

Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү демилгеси. Эдил Байсалов үн катты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter’деги баракчасы аркылуу «Элдик» депутаттык тобунун педофилдерге өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгеси боюнча оюн билдирди.

«Өлүм жазасын алып салуу – бир нече ирет жалпы элдик добуш берүү менен аныкталган конституциялык норма. Ал убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештеги 61 депутат референдум өткөрүп, Конституцияга педофилдерге өлүм жазасын караштырган өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул үчүн алар Конституциялык сотко корутунду алуу үчүн кайрылган.

Кыргызстандын азыркы Баш мыйзамы боюнча өлкөдө өлүм жазасына тыюу салынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>