Бишкек жана Токмокто кайра дайындалган шайлоо өтпөй калуусу мүмкүн

Бишкек жана Токмокто кайра дайындалган шайлоо өтпөй калуусу мүмкүн

БШК Бишкек жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимин кайрадан кароосу мүмкүн.

“Репортёрго” БШКдан кабарлагандай, 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жумушчу топтун чечими менен өттү деп кабыл алуунусу мүмкүн. Буга чейин жумушчу топ буга чейин “Эмгек” партиясын жарыштан четтетпөө сунушун берген.

“Эгерде шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү бул чечим менен макул болсо, анда шайлоо автоматтык түрдөө өттү деп саналат. Буга чейин жокко чыгарылган “Эмгек” партиясынын добуштары, кайрадан жарактуу деп табылат”, — деди БШКдан.

БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чечимин жана эртеңден кечиктирбей өзүлөрүнүн токтомун кабыл алуусу керек. Эгерде башка партиялар комиссиянын чечими боюнча сотко кайрылса, анда иш кечикгүүсү мүмкүн.

Токмокто БШКнын “Эмгек” партиясына карат чыгарган чечими боюнча соңку чечимди сот кабыл алат. Ал эми Ошто болсо кайра дайындалган шайлоону өткөрүүгө бардык партиялар макул.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>