Погончон айым: Күрөш боюнча алдына ат салдырбаган Мээрим Нурадилова

Погончон айым: Күрөш боюнча алдына ат салдырбаган Мээрим Нурадилова

Кыргызстандын намысын коргоп,  желегин башка өлкөлөрдө бийик көтөргөн кыз-келиндер ички иштер органдарында арбын. Алардын бири — Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун милиционери, милициянын улук сержанты, эркин күрѳш боюнча спорт чебери Нурадилова Мээрим Таалайбековна.

Мээрим Нурадилова полкто 2016-жылдан бери кызмат ѳтѳп келет. Ал спорт чөйрөсүндөгү үй-бүлѳдѳ чоңойгондуктан бала кезинен спортко кызыгып, балдар менен күрѳшүп жүргѳнүн кѳргѳн атасы айылындагы машыгуу залына алып барып, спорттун эркин күрѳш түрү боюнча машыгууга берет.

Ал жерде 8-класска чейин окуп, машыгып андан соң, Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына тапшырып ийгиликтүү аяктаган.

“Келечек” спорттук клубунда Бакыт Шариндиевдин кол алдында машыгып, ѳжѳрлүгүн кѳргѳзүп, тынбай машыгуунун артынан ийгиликтерди жаратып, бир канча эл аралык мелдештерде алдынкы орундарды багындырган. Атап ѳтсѳк, 2013-жылы Казакстандын Алматы шаарында ѳткѳрүлгѳн эл аралык мелдеште 63 кг салмакта 1-орунду, ал эми 2014-жылы Кыргызстанда өткөн мелдеште 2-орунду багындырган.  Ал эми Ысык-Кѳл облусунда жыл сайын ѳткѳрүлүп келе жаткан “Пляжная борьба” боюнча 2014-жылдан бери ѳзүнүн салмагында биринчиликти эч кимге бере элек.

Ошондой эле, жыл сайын күч түзүмдөрүнүн арасында өткөрүлүп келе жаткан мелдештерге катышып, бир топ ийгиликтерди жаратып келет. Мээрим Нурадилова Ысык-Кѳл облусунда туулган, үй-бүлѳдѳ беш бир туугандын ортончусу, үй-бүлөлүү,  бир кыздын апасы. Үй-бүлө менен бирге мекенге дагы кызмат өтөп, спорт жаатында дагы ийгиликтерди жаратып келет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>