Милиция күнү: ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды — видео

Милиция күнү: ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды — видео

Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинде Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды. Жыйындын башында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган «Мыйзамга кызмат кылуу – Элге кызмат кылуу» темасындагы видеотасманы көрүштү.

Андан кийин сөз сүйлөгөн ички иштер министри Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн, каалоо-тилектерин айтты.

«Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары! Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Биз таза абийир, жогорку жоопкерчилик сезими менен кызмат өтөп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшубуз керек. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана аскер кызматчылары жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо, аларды кылмыштуу кол салуулардан коргоо үчүн көп учурда өз ден-соолугун жана өмүрүн тобокелге салууга туура келет. Ал эми биздин көптөгөн кызматкерлер кесиптик майрамын өз кызматында өз милдетине, антына бекем бойдон белгилешүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине чын дилимден чың ден-соолукту, бакубатчылыкты, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, күнүмдүк жашоодо бейпилдикти, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылыкты, Ата-Мекендин жыргалчылыгы үчүн жооптуу жана оор жумуштарыңыздарга ийгиликтерди каалайм»,— деди ал.

Кесиптик майрамга карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөр менен айырмаланган бир катар кызматкерлерге президенттин, Министрлер кабинетинин, Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктар тапшырылды.

Ички иштер министри кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку кесипкөйлүгүн жана мыкты натыйжаларын көрсөткөн ИИМдин Ички аскерлеринин өзгөчөлөнгөн аскер кызматчыларына жана милиция кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, бир катар милиция кызматкерлерине кезектеги атайын наамдар мөөнөтүнөн мурда ыйгарылды.

«Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлери кесиптик майрамын мамлекетти жана коомду кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча күнүмдүк милдеттерди ийгиликтүү аткарып, өлкөнүн жарандарынын жаратман эмгеги үчүн зарыл шарттарды түзүп, күжүрмөн эмгек менен белгилешүүдө. Тартипти жана мыйзамдуулукту коргоо – коомдун, өлкөнүн жана мыйзамдын алдындагы асыл, ардактуу миссия жана эбегейсиз зор жоопкерчилик. Кыргызстандын ички иштер органдарынын токсон сегиз жылдык тарыхы өз мекенине, элине, кызматтык милдетине берилгендиктин көптөгөн жаркын мисалдарын өзүнө сиңирген», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>