«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгардыКыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштады
Премьер-министр Абылгазиев Нарынга барат
22.11.2019 | 14:44
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы сапардын алкагында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарага, Кочкор айылында анын атындагы музей имаратынын пайдубалына капсула салууга катышат.
Премьер-министр ошондой эле Комсомол айылында Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин ачылышына катышып, Нарын облусунун Кочкор айылындагы бир катар социалдык жана маданий объекттерди кыдырмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом