Президент Афганистандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Афганистандын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-январда Афганистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммад Исса Месбахты дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчиге кыргыз-афган мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымына токтолуп, Афганистан менен карым-катнашты тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Афганистандын Элчиси Мохаммад Исса Месбах Кыргызстанда өтөгөн дипломатиялык миссиясынын учурунда ар дайым эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш-аракет кылганына токтолду.

Мындан сырткары эки-өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>