Президент: Алтындын кайда алып барып сатылары айтылбайт

Президент: Алтындын кайда алып барып сатылары айтылбайт

Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде «Кумтөрдүн» алтыны боюнча суроого жооп берди.

Сөз башында президент Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын алып-сатуу иштерин ким жүргүзөрү тууралуу айтып берген:

«Өлкөдөгү «Кумтөр» баштаган бардык алтын казылган кендерден алтынды «Кыргызалтын» аркылуу Улуттук банк сатып алат. Ал алтынды чет өлкөгө алып барып дүйнөлүк биржага сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турат. Ошентип айлануу процесси жүрүп турат. Кен казган мекемелердин алтынын сатып келип, акчасын берип турбаса, кендер кантип алтын казмак эле? Аларга асмандан акча түшөбү? Ошентип айланып олтуруп, жылдын аягында «Кумтөрдөн» түшкөн таза киреше казынага келип түшөт. Ар бир доллары көзөмөлдө болот. Улуттук банк, «Кыргызалтын», «Кумтөр» – үчөө ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт баштары менен жооп беришет. Бул жагынан элибиз эч кам санабай эле койсо болот. Түшкөн пайдасынан эмгек акылар, жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат».

Андан соң Жапаров дайыны чыкпай жатат делген 14 алтын, алтындын сыртка сатылышы боюнча сөз кылган.

«Ал эми «19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур» деп ач айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин. Мындан ары билип жүрүшсүн. Өздөрүнө жакшы болот. Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, баары жашыруун болот. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат. Эч ким мамлекетти алдай албайт. Мурдагыдай тараза таппай коюп, көз өлчөм менен жөнөтүп жибердик деген заман жок азыр», — деди ал.

Анын айтымында, учурда кенде чыгарылган алтындын 1 килограмм эмес, 1 граммын да уурдоого мүмкүн эмес.

«Дагы бир элге айтып койчу маселе, ошол эле инилерим «Кумтөрдөн» алтын уурдалып жатат» деп кыйкырышат. «Кумтөрдөн» бир килограмм алтынды биякка коелу, бир грамм алтын эч ким уурдай албайт. Ар бир пунктта беш-ондон киши актыга кол коюшат. Ар бир граммын таразага тартышат. Андан сырткары баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлган. Бул жагынан канадалыктарга баа берсек болот.

Ал эми «Кумтөрдү» иштетүүдө алтындан башка дагы бир топ иштер бар, күйүүчү май, тетиктерди, тамак-аш сатып алмай дегендей. Мына ушул жагынан уурдалышы мүмкүн. Бул боюнча «Кумтөр» бизге өткөндөн кийин Эсептөө палатасын жибергем. Текшерүүдө бул маселелер боюнча кээ бир материалдар базар баасынан өйдө сатып алынып тургандыгы аныкталды. Ошол үчүн «Кумтөрдүн» жетекчилигин алмаштырып, мындан ары «Кумтөрдү» мамлекет көзөмөлгө аларын түшүндүрүп, ар бир тыйын үчүн жооп берерин эсине салып, жаңы жетекчи койдук. Башкы прокуратура баштаган топ текшерүүнү улантмай болду. Бир ай убакыт бердим. Жыйынтыгын жалпы элге жарыялайбыз. Элден жашыра турган биздин эч нерсебиз жок», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>