Депутат Жогорку Кеңешке камуфляж менен келди – видео

Депутат Жогорку Кеңешке камуфляж менен келди – видео

Депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңешке камуфляж формасы менен келди. Анын айтымында, ал бир катар депутаттар менен Лейлек районуна барышы ыктымал.

Буга чейин депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин жыйындар залынан куралга (Калашников автоматы) окшош буюм менен чыккан.

Белгилей кетсек, депутаттар жабык эшик артында кыргыз-тажик чек арасынын Баткен жана Ош облусунун Алай районундагы абал тууралуу маалыматты угушууда. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен коргоо министри Бактыбек Бекболлотов маалымат берүүдө.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, жабыркаган жарандардын саны 198ге жетти.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>