Президент чек арадагы атышуудан жабыркаган аскерлерден кабар алды

Президент чек арадагы атышуудан жабыркаган аскерлерден кабар алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда ок тийип жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 8-май күнү Баткен облусунун Чек аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, бир нече жолу ок атылган.

Жаңжалдан улам октон жарадар болгон үч жоокер 10-майда атайын тик учак менен Бишкекке жеткирилген. Үчөө тең Улуттук госпиталга жаткырылган болчу.

[su_image_carousel source=»media: 28249,28250,28251,28252″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>