Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкекте гипермаркеттин кызматкеринен коронавирус табылды
12.05.2020 | 11:26
Коронавирус жуктуруп алган 6 жаран медицина кызматкерлерине өздөрү кайрылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
“Алар оорунун белгилерин байкап анан медицина кызматкерлерине кайрылган. Текшерүүдөн кийин аларга коронавирус жукканы аныкталган”, – деди Үсөнбаев.
Министрдин орун басарын брифингдин модераторунун суроосуна жооп берип жатып, коронавируска чалдыгып өздөрү кайрылгандардын бири Vefa соода борборунда жайгашкан “Фрунзе” гипермаркетинин сатуучусу экендигин айтты.
12-майга карата 21 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 1037ге жетти. Алардын ичинен 709 бейтап айыгып чыкса, 12 адам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом