Алымбек датка менен Курманжан датканын урпагы кыргыз жарандыгын алдыБишкекте ШКУнун «Аялдардын лидерлиги» аталышындагы Аялдар форуму ишин баштады«Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү каттамга кечикпөөгө чакырдыЧоң Чүй каналына унаа түшүп кетип, атасы эки баласы менен каза болдуКүн жана ысык өткөрүп албоо үчүн эмне кылуу керек — медиктердин кеңешиТүптүн Кең-Суу айылына ипотекалык көп кабатуу үйлөр курулат
Президент “дааватты жойгону жатышат” деген жарандарга жооп берди (видео)
08.11.2024 | 14:36
Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлери менен жолугуп, даават тууралуу оюн айтты.
Жолугушууда Жапаров Кыргызстанда даават айтууга тыюу салынбай турганын, 1990-жылдардан кийин көптөгөн жарандар даават уккандан кийин оң жолго түшкөнүн билдирди.
“Дааватты мечиттерге чогултуп, аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатууда, эл чогулган жерлерде, WhatsApp тайпаларда, соцтармактарда айткыла. Азыр 21-кылымда даават айтуу үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөр бар. Мисалы айылдардагы WhatsApp тайпаларга “саат мынчада мечитке чогулгула, дааватчы келди, даават уккула” десеңер, заматта чогулуп калышат. Азыр ар бир айылда мечит бар да”, – дейт ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом