Президент: Электр энергиясын Европа, Кытайга сатууга жетишебиз

Президент: Электр энергиясын Европа, Кытайга сатууга жетишебиз

Кыргызстан келечекте электр энергиясын Орто Азия гана эмес, Европа, Кытайга экспорттоого жетишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушуна старт берип жатып билдирди.

Президенттин айтымында, Куланак ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт болот деп пландалууда. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүүдө.

«Нарын дарыясына дагы 2,5 миң мегаВаттык гидроэлектр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгү бар. Буюрса, жакынкы келечекте дагы көптөгөн орто жана чакан ГЭСтерди курабыз. Биз эки жылдан бери көп эле курулуштарга капсула салып келе жатабыз. Алардын ар биринин  курулуш иштери өз убагында бүткөрүлүп келе жатат. Мына бүгүн дагы капсула салган объект төрт жылдан кийин ишке берилет. Бир жыл даярдык иштери, анан үч жыл курулушу жүрөт. Жазында Камбар-Ата ГЭСине да капсула салганбыз. Аны буюрса сегиз жылда бүтөбүз деп турабыз. Сегиз эмес он жылда бүтсөк да чоң иш болот», — деди ал.

Садыр Жапаров Камбар-Ата ГЭСинин курулушунун аякташы менен Кыргызстан көз карандысыз, өзүн өзү камсыздаган, электроэнергияны импорттобой тескерисинче, экспорттогон өлкөгө айланарын белгиледи.

«Азыр бизде жылына 3 млрд кв саат электр энергиясынын таңкыстыгы бар. Суунун башында турабыз, бирок ошону колдонуп, отуз жылдан бери бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Эми сала баштадык. Бардык потенциалдын он эле пайызын колдонот экенбиз. Эгерде дагы 90 пайызын кошуп колдонсок биз Орто Азия эмес, Европа, Кытайга электр энергиясын сатсак болчудай. Кудай буюрса ага да жетебиз», — деди ал.

Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ГЭС

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>