Чүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталдыДепутат мэриянын «Өлбөс полктун» уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразы болдуҮч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүүдөСадыр Жапаров Тогонун премьерин кабыл алды: африкалык республиканын өкмөт башчысы аскерлер менен кыргызча саламдаштыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Макаону 15:0 эсебинде жеңди
Президент христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады
19.04.2020 | 12:09
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы христиандарды Пасха майрамы менен куттуктады. Өлкө башчысы өз куттуктоосунда Пасхасы адамдардын жүрөгүнө үмүт, келечекке ишеним жаратып, кубаныч тартуулаарын белгилеп өткөн.
“Бул майрам адамдардын арасындагы сабырдуулукту жаратып, кайрымдуу болууга, муктаж болгондорго кол сунууга шарт түзөт. Биз бардык диндер арасындагы бири-бирин сыйлаган маанайдагы кызматташууну, маданияттуу көп түрдүү коомчулукту сактап жана өнүктүрөбүз. Бул – биздин өлкөнүн негизги байлыктарынын бири”, – деп жазылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Кыргызстанда 40тан ашуун православ христиандарынын 40тан ашуун чиркөөсү бар. Расмий маалыматтарга караганда, христиан динин туткандар жалпы элдин 16% түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом